Ташиев: «Биз талаш болгон жерлердин бир да сотыхын Өзбекстанга берген жокпуз»

«Биз талаш болгон жерлердин бир да сотыхын Өзбекстанга берген жокпуз». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Акбөкөн Таштанбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Суунун алдындагы жерди эсепке албаганда. Биз бул жыйынтыкка кылдат, оор сүйлөшүүнүн негизинде жетиштик деп айта алам. Мен өзбекстандык кесиптештерге ыраазычылык билдирем.

Кемпир-Абадды сол жээгиндеги канал боюнча негизги маселе болуп жатат. 1970-жылдары Өзбекстан курбай койгону үчүн чек ара такталбай калган. Ушуга чейин бир да өлкө башчы Өзбекстанга ошол каналды куруп бересиң, же компенсация бересиң деп айткан эмес. Биз ушуга жетиштик. Сол жээктеги каналга акчалай компенсация берели дешти. Биз макул болбой жер алдык. Ошонун негизинде Гавасайды алдык. Бизге акча деле керек болчу, бирок бизге жер керек болчу», — деди ал.