«Бүгүнкү күндө эң арзан өсүмдүк майы бизде». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу биздин жасаган аракеттердин негизинде толук бойдон сакталган. Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү товарлар, азык-түлүк негизинен ылдыйкы баада кармалып турат. Бүгүнкү күндө эң арзан өсүмдүк майы бизде. Коңшу мамлекеттерде күнүмдүк керектелүүчү товарлар, азык-түлүк бизге караганда бир нече эсеге кымбат», — деди Ташиев.
УКМКнын төрагасынын айтымында, өсүмдүк майы литри 123 сомдон, кумшекердин килограммы 48 сомдон алып келинип, өлкөдөгү бардык кампалар камсыз болгон.