Ташиев Чек ара кызматын кошо жетектейби?

Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссияны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектегени жатат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министри Садыр Жапаровдун Баткенде жүргөн сапары учурунда маалым болду. Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине Чек ара кызматын өткөрүп берүү керек деп да эсептейт.

«Баткен — Кыргыз мамлекетинин картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна биз ар дайым өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары — менин көңүл чордонумда дайыма турат», — деди Садыр Жапаров.