Ташиев чек араны тактоо боюнча жыйынга катышты

Бүгүн кыргыз-өзбек чек арасын такташуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны «Ала-Арча» резиденциясында болуп өттү. Анда кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жетектеди.

«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек. Ошондой эле 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек», — деди Ташиев.

Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулашты.