Ташиев Икрамовго: «Сел алган жерге басып барбай, абал жөнүндө сүйлөгөндө жаның ачыйт экен»

«Сел алган жерге басып барбай, абал жөнүндө сүйлөгөндө жаның ачыйт экен». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Депутат Тазабек Икрамов селден жабыркагандарга жардам берилбей жатат деп айтыптыр. Сел миңдеген адамдардын үйүн басты. 300гө жакын үй оор абалда калып, 100дөй үй жараксыз болуп калды. Ошондой кырсыкта басып барып койбогон депутат ошол абал тууралуу сүйлөгөндө жаның ачыйт экен», — деди Ташиев.