Ташиев Жалал-Абаддагы ооруканаларга барып, талаптардын аткарылышына көз салды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышып, буга чейин коюлган талаптардын аткарылышына көз салды. Элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны камсыз кылуу аракеттерин жеке көзөмөлүнө алганын дагы бир ирет белгиледи.

Камчыбек Ташиев алгач Жалал-Абад облустук ооруканасындагы абал менен жеринен таанышты. Ал бул оорукананын үч бөлүмүн куруу үчүн кийинки жылдан тартып каражат бөлүнөрүн айтты. Жалал-Абад облустук ооруканасында 20дан ашык бөлүмдөр бар. Бирок алардын арасында терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмүнүн имараттарынын эскилиги жеткен. Имараттардын долбоору түзүлүп, ага ылайык 300 миллион сомго жакын каражат керектелээри аныкталган.

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунан да кабар алды. Анда жаңы имаратты куруу пландалып жатканын айтты. 1948-жылы түптөлгөн борборго акыркы 50 жылдан бери жаңы имарат салынбаган болчу. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жергиликтуу бийликтин өкүлдөрүн жана тийиштуу мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине жеринде тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын толук кандуу камсыз кылууну талап кылды. Медицина мекемелеринен сырткары, аймактагы жол көйгөйлөрү, жаңы жолдорду куруу, эскилерин жаңылоо багытындагы маселелерди тез арада чечүү талабын койду.