Ташиев: «Жогорку Сотто 35 судья бар экен, шубасы 5 миң доллар, өтүгү миң доллар»

«Жогорку Сотто 35 судья бар экен, алардын баары Lexus 570, Мерседес, Гелендваген үлгүсүндөгү кымбат баалуу унааларды айдап жүрүшөт. Ушинтип айтып жатсак, эки күн мурда бир сот үй-бүлөсүн алып, Дубайга эс алганы кетип калыптыр. Мен ошол судьяга териштирүү баштоону дайындадым. 4 адамдын Дубайга учуп барып-келүүсү, эс алуусун эле эсептесек, 10-15 миң доллар чыкты. Соттун бир кийген шубасы 5 миң доллар, өтүгү миң доллар турат. Минген машиналары 100 миң доллар, жашаган үйлөрү милллион доллар… Мындай акчаларды кайдан алып жатышат? Бул эмне деген акмакчылык», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Ал бул тууралуу бүгүн журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, УКМК ар бир соттун мүлкүн карап чыгат. «Декларацияда жазылган ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасын минет. 2 бөлмөлүү Хрущевка үйдө жашайм деп жазылганбы, анда ошондой үйдө жашайт», — деди Ташиев.