Ташиев камакта жаткан Атамбаевден кабар алды

Кечээ, 25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бул мекеменин тергөө абагында отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин акыбалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таркатты.

Ташиев Атамбаев кандай шартта кармалып жатканын, анын ден-соолугу кандай экенин кабар алды. «Атамбаев СИЗОнун кызматкерлеринин мамилесине, шартына нааразычылыгы жок экенин айтты. Бирок ден соолугу жакшы эмес экенин билдирди. Ташиев тиешелүү кызматтарга Атамбаевдин саламаттыгын тыкыр текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды. Эгер медициналык кароонун жыйынтыгына ылайык, зарылчылык болсо Атамбаев медициналык жайга жаткырылат”, — деп маалыматта жазылат.