Ташиев: «Казакстандагы окуяларга бир жактуу пропаганда аркылуу кыргыздарды күнөөлөөнү жокко чыгаруу биздин милдет»

«Казакстандагы окуяларга бир жактуу пропаганда аркылуу кыргыздарды күнөөлөөнү жокко чыгаруу биздин милдет». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Казакстанда болуп өткөн башаламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу Кыргыз коомчулугун күнөөлөөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет. Себеби чындыгында Кыргызстандан эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп, башаламандык уюштурууга катышкан эмес. Мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай «террорист» болушу мүмкүн эмес!

Ошондуктан жапайы Армандын сөзү (ред. «Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл), Викрам Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма, жалган маалыматтар, дүйнөлүк коомчулук жана биздин боордош Казак элибиз билиши керек, Кыргыз эли Казакстан мамлекетине тынчтык, бакыбаттуулук жана биримдик каалайт!» — деп жазылат билдирүүдө.