Ташиев: «Кемпир-Абадды көрбөгөндөр деле каршы сүйлөп, элдин ички дүйнөсүн козутуп жатышат»

«Кемпир-Абадга барбагандар, аны билбегендер, көрбөгөндөр деле каршы сүйлөшүүдө. Ошону пайдаланышып, элдин ички дүйнөсүн козутуп жатышат». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Жогорку Кеңеште каршы болгон 1-2 депутатка да «эмнесине каршысыңар?» деп айттым. Эч нерсе айта албайт. Бир регламентке, бир Баш мыйзамга, анан жөн жаткан Гавасайга, жакшынакай турган Орто-Токойго тийишип жатышты. Мыйзам долбоору Кыргызстанга эң пайдалуу экенине алардын да көзү жетип турат», — деди ал.