Ташиев: Коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында 4 миллиард сомдун тегерегинде акча чогулду

Коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында 4 миллиард сомдун тегерегинде акча чогулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-мартта өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында чогулган 4 миллиард сомдон ашык каражат түздөн-түз мамлекеттик бюджетке кошулат.

«Коррупционерлер мамлекетке акча кайтаруу жолу менен жазаланып жатат. Алардын акчасын алып, мамлекеттик бюджетти толуктаганыбыз туура болот. Алардын ар бирин камай берсек, чындыгында орун да жок», — деди Ташиев.