УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы мыйзам, эрежесиз эр уруш, тажатма куттуктоолор, майрамдык кечелер жана башка маселелер тууралуу пикирлерин билдирип, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине эскертүүлөрдү берди. Ал бул тууралуу кайрылуусун соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«2025-2026-жылдары коррупцияны жеңебиз деген максатты коюп жатабыз. Ушул жылдан баштап мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, президент кол койду. Айып пул алып салынып, коррупцияга шектелип кармалгандар сөзсүз түрмө мөөнөтүн алышат жана жакындары мамлекеттик кызматта иштеген болсо, анда четтетилишет, ал эми өздөрү мамлекеттик кызматта өмүр бою иштеше албайт», — деди ал.
УКМКнын төрагасы эрежесиз эр уруш токтолушу керектигин, аны менен машыккандардын көбү майып болуп калып жатканын билдирди.
«Жаңы жыл боюнча бир-эки жеке оюм бар. Жаңы жылда салюттарды атып жатабыз. Ушуну токтотушубуз керек. Жок дегенде, мамлекеттик мекемелер токтотуу керек. Корпоративдик кечени өткөрүүнү УКМКда тыюу салгам. Калган баары өткөрүп жатат. Мамлекеттик органдар тарабынан миңге жакын кече уюштурулат экен. Бир кечеге эң аз дегенде 10 миң доллардан акча кетсе, демек, баарына 10 миллион доллар акча кетет. Буга 200 адамга батир сатып алууга болот. Президент, спикер, МинКабдын башчысы элди куттуктасын, калган министрлер силер эмне куттуктап жатасыңар? Же силер эмне президенттен кыйын куттуктайсыңарбы?» — деди ал.