Ташиев: «Кумтөрдөн» эки айда 90 миллион доллар пайда таптык»

«Кумтөрдөн» эки айда 90 миллион доллар пайда таптык». Бул тууралуу кечээ, 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземинде айтты.

«Кумтөрдөн» 21 жылда 84 миллион доллар пайда тааптырбыз. Биз ушул жылдын июнь жана июлунда, эки айда 90 миллион доллар таптык. Мына акчалар кайда жатат… Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын алып чыктык, УКМК алып чыкты. Мурдагы жетекчилердин коррупцияга катышканын аныктадык. Буга чейин айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп, ошону ар айда учак менен алып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм алтын чыгарылган жок. Ушунун эсебинен Кыргызстандын акчасы пайда болду. Буюрса, байып калды», — деди УКМКнын төрагасы.