Ташиев: «Кыргызстан Казакстанга 150 аскерин жана 8 брондолгон техникасын жөнөткөнү жатат»

«Кыргызстан Казакстанга 150 аскерин, 8 брондолгон техникасын, 11 унаасын жөнөткөнү жатат». Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ЖККУнун кызматташуусунун алкагында Казакстандагы тынчтык орнотуучу операцияга катышууну чечти.

Кечээ, 6-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, бирок кворум болбой калган. Президент Садыр Жапаров «Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем» деген болчу.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чет жерде колдонуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Мындайча айтканда, ЖККУнун чечимин колдоо үчүн кеминде 60 депутаттын макулдугу керек.