Ташиев: «Кыргызстан Түркиядан «Байрактар», Орусиядан «Орлан 10Е» пилотсуз учактарын сатып алды»

Кечээ, 21-октябрда президент Садыр Жапаров Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышкан. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан «Байрактар», Орусиядан «Орлан 10Е» пилотсуз учактарын сатып алганын айтты.

«Буга чейин мамлекет аскердик техниканы жардам иретинде алчу, ал эми бул жолу мамлекет аскердик техниканы бюджеттин эсебинен сатып алды. Брондолгон 40тай техникага 300 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүндү. Бул аскердик техниканы Дубайдан сатып алдык жана алар чек арабызды коргоо үчүн жөнөтүлөт. Башка дагы аскердик техниканы алууга бюджеттен акча каражаты төлөндү. Азыр Түркияда «Байрактар» пилотсуз учактары жасалып жатат. Булар дүйнөнүн беш гана өлкөсүндө бар экен, анын бири биз болобуз. Жакында ал дагы келип түшөт, бүгүнкү күндө Түркияда аталган техниканы башкаруучулар окутулуп жатат. Андан сырткары, Орусиядан «Орлан 10Е» пилотсуз учактарын сатып алабыз, ага да акча каражаты бөлүндү. Техникаларды көбү Баткенге кетет», — деди Камчыбек Ташиев.