Ташиев кызматын таштап кетеби?

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин редакциясы өздүк булактарына таянып, «Жарака кеттиби? Эки достун эсин оодарган спикерлик…» деген макала жарыялаган.

Өздүк булактар маалымдагандай, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикир келишпестиги туу чокусуна жеткен сыяктанат. Өздүк булагыбыздын айтымында, Камчыбек Ташиев кызматка жабышпайт.