Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча баяндама жасап жатат.
«Лейлек району боюнча мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн жөнгө салууда Тажикстандын Кайрагач тилкесинен Кыргызстандын пайдасына 155 гектар жер жана 35 гектар Кайрагач анклавынын жерлери алынды. Жалпы аянты 190 гектар.
Ордуна Кыргызстандын Сада 21 гектар, Раззаков тилкеси 23,5 гектар, Селкан 4 гектар, Майты 7 гектар, Пролетарск 12,5 гектар, Улак-Жай 15 гектар, Ак-Арык 7 гектар, жалпы 90 гектар жана Баткен районунун Кара-Бак тилкесинен 65 гектар берилди. Кайрагач анклавынын ордуна Майтыдан 35 гектар берилди. Жалпы 190 гектарды түздү. 190 гектар жер берип, 190 гектар жер алдык», — деди ал.











