Ташиев Мадумаровго: «Бир айтканына унчукпадык. Контрабанда ташыгандардын «крышасы» экениңизди ачык айтабыз»

«Бир айтканына унчукпадык. Контрабанда ташыгандардын «крышасы» экениңизди ачык айтабыз». Мындай сөздү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-июнда депутат Адахан Мадумаровго карата Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаров тарабынан бир нече жолу сөз айтылды. Бир жолу айтылды, «макул, бул депутат» деп унчукпадык, экинчи жолу айтылды, дагы унчукпадык. Кечээ күнү да парламенттин трибунасынан «УКМКнын кызматкерлери элдин канын соруп, жон терисин шылып жатат» деген мааниде сөздөрдү айтыптыр. Эч бир фактыга таянбай, өзүнүн жеке саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ушул жерден ачык эле айтып коюшум керек. Ушул аракеттерди токтотпосоңуз, биз да сиз жөнүндө контрабанданы ташыган адамдардын кандай калкалап, алардын үстүнөн «крыша» болуп жатканыңызды ачык айтабыз», — деди УКМКнын төрагасы.

Бул учурда Адахан Мадумаров сөз сурагандай ишарат кылып колун көтөрдү. Буга карата Камчыбек Ташиев «колуңду түшүрүп тур, азыр айтам, тынчтан, отур дейм» деп жооп кылды. Депутат ордунан тура калды, бирок спикер Талант Мамытов «сабыр кылыңыздар» деди. Андан ары УКМКнын төрагасы «Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, мен азыр ушул фактыларга келе жатам, шашпай туруңуз. Ким менен кайсыл жерде эмне кылып жүргөнүңүздү, кайсы контрабандист сизге аш кылып берип жатканын, бардык маалыматтарды айтам. Тартибиңизди сактап, унчукпай туруңуз. Маданиятыңыз барбы же жокпу? Жөн отуруңуз» деп сөзүн улады.