Ташиев Мадумаровго «колуңду сындырам» десе, Мадумаров Ташиевге «колдон келбейт» деди

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынын депутат Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышты. Анда Ташиев Мадумаровду контрабанда кылгандарды калкалоого айыптады.

Депутат Адахан Мадумаров борбордук трибунадан сөз сүйлөөгө убакыт сурады. Бирок депутаттардын добуш берүүсү менен ага мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул аралыкта сөзгө аралашкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Тилим бар деп сүйлөй бербей, азыраак сүйлөш керек, жооп бересиз, колуңду кезебегин, колуңду сындырып коём. Өткөндө депутаттар макулдук бербей коюшуп, алып калышты. Мен башкы прокурор болгондо илгери эле камалмаксың. Дале кеч эмес» деди.

Ташиев андан ары да сөзүн уланды. «Бул кишинин көрсөтөм дегенинин жөнү бар. Бизде толук оперативдүү маалыматтар бар. Булар мамлекетте чаң-тополоң уюштуруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатат. Сиз бийликти эч качан алмаштыра албайсыз — бул бир. Ошол эле бир туугандарыңыз, Абдысаттар жана башкалар чогулуп алып, «Адахан акебиз жакында бийликке келет» деп отурганы боюнча иштер жүрүүдө. Жакында бир тууганыңыз камалса, дагы кыйкырып чыгасыз. Эч нерсе көрсөтө албайсыз. Сиз көрсөтө ала турган адамдар өтүп кеткен», — деди УКМКнын төрагасы.

«Сөздү бурмалабагыла. Силер сөздү түшүнбөйсүңөр. «Крыша» болуп жаткандын баарын четинен кама. Мен кол чабам», — деди Мадумаров. Буга Ташиев «сени кошуп камайм» деп жооп кылды. Депутат УКМКнын төрагасына «колдон келбейт, колдон келген ишти айт» деди.