Ташиев Мадумаровго: «Мындан артык келишим түзө алсаңыз, ордумду бошотуп берейин»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровго «мындан артык келишим түзө алсаңыз, ордумду бошотуп берейин» деди. Бул тууралуу Спутник жазды.

«Бул боюнча Жогорку Кеңештин комитетинде кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча коомдук угууда сөз болду. Анда Адахан Мадумаров азыркы макулдашуу Кыргызстанга өтө пайдасыз экенин айтты. Ал эми Ташиев Мадумаровду комиссияга жетекчи кылып, бир жылдык убакыт берүүнү сунуштады»,- деп жазылат маалыматта.