Ташиев: «Орусиядан 55 «Тигр» брондолгон унаасын, 50 жаңы КамАЗ сатып алдык»

«Орусиянын Арзамас шаарынан 55 «Тигр» брондолгон унаасын, 50 жаңы КамАЗ сатып алдык». Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттен бул максаттарга 2 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнгөн. «Тигр» унаалары атайын биздин өлкө үчүн даярдалды. Жаңы КамАЗдар Чек ара кызматы үчүн сатып алынды. Техниканын баары Баткенге жөнөтүлөт», — деди Ташиев.