Ташиев: «Жапаров Аспековго «аферисттик иштериңди токтот» деп үч жолу айткан»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев абакта жаткан Мелис Аспековго байланыштуу комментарий берди.

«Мелис Аспеков 2020-жылкы президенттик шайлоодо “Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын башкарып жатам, Садыр Жапаров сурап жатат, жардам бергиле” деп бизнесмендерден акча топтой баштаган. Чындыгында штаб башчысы болгон эмес. Ошондо эле биздин кызматкерлер мыйзамсыз иштери боюнча маалымат беришкен. Биз албетте, президентке жеткиргенбиз. Менин билишимче, президент Мелис Аспековго бир эмес, үч жолу “Аферисттик иштериңди токтот. Мени уят кылып жатасың” деп эскерткен.

Ошондон кийин да токтобостон ошо кездеги “Кыргыз темир жолдору” ишканасынын башчысына барып, “Садыр Жапаров сурап жатат, 250 миң доллар шайлоого жардам беришиңиз керек” деп «Кыргыз темир жолу» ишканасынын (мамлекеттин) акчасын алып кеткен. Биз маалыматты алгандан кийин дароо эле 7-8 адамды камакка алдык. Арасында Мелис Аспеков дагы бар болчу. Ѳзү эле эмес, жанындагы дос баласы экѳѳ тең камалышкан. Сурак маалында болсо Мелис Аспеков “250 миң долларды мен алган эмесмин, Улан Жураев деген дос балам алыптыр” деген шылтоого ѳттү. Ал эми Улан Жураев деген досу Мелис Аспеков ѳзү алганын кѳзмѳ-кѳз жолугушууда бетине коюп берди. Биз аны камактан чыгардык. Мелис Аспековго мамлекеттин акчасын кайтарып берип, камактан чыга бер деп айтып эле келатабыз. Эгер мамлекеттин акчасын кайтарып берсе, соттон анын жоопкерчилигин жеңилдетүүнү жана чыгарууну сурайбыз. Акчаны мамлекетке кайтарып берип коюп, эркиндикке чыга берсин. Бул жерде эч кандай саясат жок. Акчаны досу Улан Жураев кайтарабы, же ѳзү кайтарабы, айырмасы жок.

Биз эч кимди абакта кармагыбыз келбейт. Мындан ары кимде ким мамлекеттин казынасынан акча уурдаса, уурдагандарын жүз эсе кылып кайтарышып, анан кутулушат. Канчалаган адамдар уурдаган акчаларын мамлекеттик казынага кайтарышып, темир тордон кутулуп жатышат. Аны баарыңар эле кѳрүп, билип жатасыңар. Уурдаган акчаларын кайтарбаса, анда темир тор артына барат. Элдин байлыгын, мамлекеттин акчасын уурдагандарды мындан ары аябайбыз!» — деди Камчыбек Ташиев.