Ташиев: «Шаирбек Ташиев мандатын тапшырат»

«Шаирбек Ташиев мандатын тапшырат». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда маалымат жыйында билдирди.

«Шаирбек Ташиев шайлоо кампаниясы башталганда ар түрдүү сөз болбосун деп аны мамлекеттен чыгарып жибердим. Ал шайлоого эки күн калганда өлкөгө келди. Эки күндө эл менен 5-6 жолугушуу өткөрдү. Эл тарабынан шайланып келди. Өз салымы болбосо дагы, ал жерде менин да салымым бар. Мен ал округдан көп жолу шайлангам, элге жардам берип келем. Кечээ инимди чакырып айттым. Бир үйдөн бир эле саясатчы болушу керек, сен саясатчы болбой эле кой, мандатыңды тапшырып бер дедим. Ал макул болду. Ал жакынкы күндөрү мандатын өткөрүп берет. Биздин үй-бүлөдөн мен жалгыз саясатчы болом. Мен саясаттан кеткенден кийин гана башкасы келет», — деди УКМКнын төрагасы.