Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан айылынын окуучулары жаңы окуу жылында заманбап үлгүдөгү мектепте билим алышат. Кечээ, 27-августа №85 «Ынтымак» орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, «Ас-Санабил» кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсатар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, билим алуудагы бардык шарттар түзүлгөн: спорт залы, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети бар. Билим уясын куруу маселеси айыл элинин суроо-талаптарынын негизинде Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленген. Курулуш иштери жергиликтүү бийликтин көзөмөлү астында 2 жылда бүткөрүлгөн. Каражатты «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду бөлгөн. Мындан сырткары, өкмөттөн 2 миллион сом имараттын ички жасалгасына жана мектептин айланасын көрктөндүрүүгө жумшалган.
«Ынтымак» орто мектебинде 28 мугалим 228 балага тарбия берип келет. Алар буга чейин авариялык абалдагы мектепте билим алып келишкен. Барпы айыл өкмөтүндө 12 мектеп, 6 бала бакча бар. Учурда анын төртөө авариялык абалда.
Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматынын жетекчиси болду
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырасташты. Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын сентябрынан...