Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан айылынын окуучулары жаңы окуу жылында заманбап үлгүдөгү мектепте билим алышат. Кечээ, 27-августа №85 «Ынтымак» орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, «Ас-Санабил» кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсатар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, билим алуудагы бардык шарттар түзүлгөн: спорт залы, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети бар. Билим уясын куруу маселеси айыл элинин суроо-талаптарынын негизинде Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленген. Курулуш иштери жергиликтүү бийликтин көзөмөлү астында 2 жылда бүткөрүлгөн. Каражатты «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду бөлгөн. Мындан сырткары, өкмөттөн 2 миллион сом имараттын ички жасалгасына жана мектептин айланасын көрктөндүрүүгө жумшалган.
«Ынтымак» орто мектебинде 28 мугалим 228 балага тарбия берип келет. Алар буга чейин авариялык абалдагы мектепте билим алып келишкен. Барпы айыл өкмөтүндө 12 мектеп, 6 бала бакча бар. Учурда анын төртөө авариялык абалда.
Ташиев Сузакта жаңы мектептин ачылыш аземине катышты
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
13:12 27.07.2024
Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге келди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:13 25.07.2024
Икрамов мандатын тапшырып, Сузактагы шайлоо 22-сентябрга дайындалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:27 25.07.2024
Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:20 25.07.2024
Садыр Жапаров иш сапары менен Францияга барат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:20 24.07.2024