Камчыбек Ташиев: “Тажикстан менен куралдуу кагылышуу болорун бийлик алдын ала билген”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен куралдуу кагылышуу тууралуу бийликте болжолдуу маалымат болгонун айтты. «Мындан улам Баткен облусунда аскердик техникалар даярдалып, ири кагылышты биринчи күнү эле алдын алдык. Биздин күчүбүз жетмек, бирок биз «битке өчөшүп көйнөгүңдү өрттөбө» деген принцип менен иш алып бардык» дейт ал өз сөзүндө.

Ошондой эле ал жабыркаган бардык объектилер калыбына келтирилерин, алтургай жергиликтүү тургундардын бузулган унааларына компенсация төлөп берүүгө аракет кылышарын кошумчалады. Азырынча тажик тарап күнөөнү моюнга ала элек болгондуктан, алардан чыгымдарды төлөп берүү талап кылынбайт экенин кошумчалады.