Ташиев Temirov LIVE каналынын иликтөөсү тууралуу: «Мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп»

«Мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп». Бул тууралуу кечээ, 22-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov LIVE-Youtube каналынын соңку иликтөөсү тууралуу үн катты.

«Темиров LIVE аттуу сайттын мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп! Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот, бул менин турмуштук терең позициям! Каалагандай комиссия түзүп барып текшерсеңер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганыңар жөн эле убарагерчилик. Мен өзүмө ишенем жана эли-журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасайм.

Ал эми КНГ («Кыргызнефтегаз» ААКсы) жана КПК («Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКсы) ишканалары боюнча маалымат билдирип коёюн. 
1. КНГ ишканасы 2020-жылы 564 миллион сом киреше, ал эми 2021-жылы 2 миллиард сом киреше тапкан.
2. КПК (НПЗ) 2020-жылы 40 миллион сом чыгым болгон, ал эми 2021-жылы 200 миллион сом киреше тапкан.

Мындай экономикалык көрсөткүч 30 жылдык тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатат, себеби коррупциялык элементтердин баары жоюлган.

Ал эми КПКнын 2021-жылдын башынан бери жетекчи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков, менин жээним болот, атасы жаш кезинде көз жумган, өзүнүн жеке күчү менен Орусиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экендигин элдин баары жакшы билет.

Өздөрү коомго, мамлекетке пайдалуу эч кандай иш аткарышпайт да, иштеген адамдарды көрө албагандар ар түрдүү ушактар менен алектенип келишет. Мен жана менин жакындарым эч качан элден уурдаган эмес жана мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бүт күч  аракетибизди жумшап эмгектенип келебиз», — деп жазылат билдирүүдө.