Камчыбек Ташиев: «Учурда Орхан Инандыны өлкөдөн ким жана кантип алып чыккандыгы иликтенип жатат»

Орхан Инандыны Кыргызстандан ким жана кантип алып кеткени иликтенип жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. «Баары иликтенип жатат», — деди ал.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.