Ташиев: «Ундун мүшөгү 10 миң сом, бензиндин литри 100 сомго чыкканда Айдарбеков элге барып жооп берсин»

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселеси каралды. Ал бир топ талаш-тартыштар менен жүрүп, анын бири депутат Чыңгыз Айдарбеков менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин суроо-жообу болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, ЖККУдагы бардык чечимдер консенсустун негизинде кабыл алынат, эгерде бир өлкө каршы чыкса, анда чечим өтпөй калат. «Куралдуу күчтөрдү жөнөтүү боюнча чечимди кабыл алууда Жогорку Кеңеш кабыл алабы, туурабы? Бул жерде 5-беренеде так жазылып турат, агрессия болсо деп, агрессия ким тарабынан болду? Кимден коргонуу, өз калкынанбы?» — деп сурады депутат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, азыр депутаттарга шайлоочулардын алдында пиар кылуу мезгили эмес. «Азыр мага маалымат келип түштү, кыргыз-казак чек арасында «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» өткөрүү пункттары толугу менен жабылыптыр. Эртең барып, Айдарбеков элге эмне үчүн ун келбей калганына жооп берсин. Бир кап ун 10 миң сомго, бир литр бензин 100 сомго чыгып кеткенде… Бул жерде мамлекетти ойлоо керек. Эмне биз силерге көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз да? Өзүбүз үчүн эмес, биз силер үчүн, мамлекет үчүн чечип жатабыз. Депутаттар дагы жоопкерчилик алышы керек. Нуржигит Кадырбеков креслосунда «мен адамдардын канынан корком» деп коюп отурат. Азыр саясат кыла турган, пиар кыла турган убакыт эмес», — деди Ташиев.