«Татыктуулардын татыктуусу». Жакышовдун Төрөбаевге ушундай баа бергени соцтармакта талкуу жаратты

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралып жатканда айткан сөзү соцтармакта талкуу жаратты.

«Сиз айыл чарбаны, мыйзамды, элдин көйгөйүн да жакшы билесиз, чындап келгенде, татыктуулардын татыктуу адамысыз. Татыктуу кызматка бара жатасыз. Татыктуу иштейсиз деп ишенем. Суроо бербей эле добушка өтсөк. Бул киши баардыгын үтүр-чекитине чейин билет. Бул кишинин билгенин айрым жетекчилер билбейт», — деди Жакышов.

Талкуудан соң Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигине макулдук берилди. Анда 68 эл өкүлү макул деп, ал эми каршы добуш берген депутаттар болгон жок.