«Таза шайлоо» ассоциациясы жергиликтүү кеңештердин шайлооcуна байкоо жүргүзөт

«Таза шайлоо» ассоциациясы 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун даярдыгына жана анын өткөнүнө байкоо жүргүзөт.

Бирикмеден түшкөн арызды Борбордук шайлоо комиссиясы 19-февралдагы отурумунда канааттандырып, тиешелүү күбөлүк тапшырды.

«Таза шайлоо» ассоциациясы бир нече өкмөттүк эмес уюмдардан куралган. Уюм шайлоо өткөн сайын ага байкоо жүргүзүп, шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча билдирүүлөрдү жасап турат. Уюм 10-январда өткөн президенттик шайлоого жана референдумга да байкоо жүргүзгөн.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Былтыр апрель айында өлкөдө мөөнөтү бүткөн 5 шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавирус илдетине байланыштуу токтотулган. Ал да соңку өнөктүккө кошулуп өткөрүлөт.