Тазабек Икрамов: «Ал күнү аянтка элдин ишенимине ээ боло албаган партиялар чыкты»

«Супер ТВ» каналында «Саясий коктейль» берүүсү уланууда. Бул ирет Жогорку Кеңештеги эң көп талкууга түшкөн депутаттардын бири Тазабек Икрамов конок болду.

Эл өкүлү үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Бишкектин борбордук аянтына «элдин добушун ала албаган, элдин ишенимине ээ боло албаган партиялар чыгышты» деген пикирде. «Кыйынсыңбы, кел. Элиң барбы? Сага ишенеби? Анда добуш алып кел да парламенттен элдин маселесин айтып чык»,- дейт ал.

Бийликтин партиялары шайлоо боюнча мыйзамдарды бузду, элдин добушун сатып алды, шайлоо адилетсиз өттү деген сындарга ал макул эмес пикирин билдирди.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.