Тазабек Икрамов: «Алтынбек Максүтов убагында эмнеге министрликтен кеткен? Азыр эмнеге кайра алып келишти?»

Аптанын башында 2 министр бошотулуп, 2 министр өз арызы менен кызматтан кетти. Бул окуя жалпы Министрлер кабинетине көлөкө түшүрбөйт койбойт. Кийинки аптада Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинетин башкарып жатканына толук бир жыл болот. Буга байланыштуу депутаттардын өкмөткө берген баасын сурадык.

Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, министрлерди кетирип, жаңысын кайра алып келгени өз билемдик болуп жатат. «Мен маданият министри тууралуу айта кетсем (ред. Алтынбек Максүтов). Ал эмне үчүн министрликтен кеткен жана азыр кайра алып келип жатышат? Буга чейинки Азамат Жаманкулов да министр болгон. Ал неге кетип жатат? Биз себебин билишибиз керек да. Бүгүнкү күнү өз билемдик болуп жатат. Бирөө жоопкерчиликти алыш керек да. Акылбек Жапаровдун ишине эч кандай баа бере албайм. Ага сурообуз өтө көп», — деди ал.