Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Ага ылайык, жогорку билимге ээ эмес депутаттыкка талапкерлер шайлоого катыша алышат. Эл өкүлдөрү өздөрү бул боюнча кандай пикирде?
Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, аты айтып тургандай эле Жогорку Кеңеште баары жогорку деңгээлде болушу керек. «Ошондуктан жогорку билим жок туура эмес болуп калат. Жогорку деңгээлде болушу керек», — деди ал.








