Тазабек Икрамов жана Марлен Маматалиев ТүркПА комиссиясынын жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Марлен Маматалиев Азербайжандын Милли Мажлисинин жетекчилиги астында уюштурулган ТүркПАнын отурумуна катышышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн кыргыз делегациясынын мүчөсү Марлен Маматалиев Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун, ал эми жаракат алгандар тез сакайып кетишин тиледи.

Өз сөзүндө кыргыз делегациясынын мүчөсү Тазабек Икрамов дагы түрк делегациясына көңүл айтып, кыргыз эли боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп жатканын билдирди. Ал иш-чаранын уюштуруучуларына жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык кызматташтыктын жана жалпы уюмдун ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү өнүгүшүнө ишенимин билдирди.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү азербайжан, казак жана түрк делегацияларынын мүчөлөрү менен бирге ТүркПАнын катчылыгына барышты. Иш-чаранын катышуучулары ТүркПАнын имараты менен таанышышты. Улуттук делегациялардын мүчөлөрү бири-бирин комиссиянын 8-отурумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташып, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.