Тазабек Икрамов камактагы Руслан Бекназаров менен Ырыс Жекшеналиевдин ишин акыйкат кароого чакырды

«Руслан Бекназаровдун балдары бийликке кайрылуу жасашты» деп билдирди депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Уул атасы үчүн жооп бербейт. Бул жазылбаган мыйзамда да бар. Демек, Руслан Бекназаровго коюлган айыптардын эч кандай негизи жок. Биз аны жакшы билебиз. Анын ишин адилет кароону суранам», — деди Икрамов.

Ошондой эле, депутаттын айтымында, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев жаш жигит. «Чоңдор да ката кетиришет, жаш жигитти ошол жерде кармоо уят. Кысым токтошу керек», — деди ал.