Тазабек Икрамов Кемпир-Абад боюнча: «Бул урпактарга мамлекет таштап жаткан чоң бомба»

«Бул урпактарга мамлекет таштап жаткан чоң бомба». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кемпир-Абад — бул шашылыш каралуучу маселе эмес. «Ошондуктан, мен каршы болом жана каршы деген добушумду берем», — деди ал.