Тазабек Икрамов: «Октябрь окуясында чоң байлык таба тургансып сейфти да ачышыптыр»

Бул сейфке документтер катылат. Бүгүнкү күндө керектүү нерсе. Жумуш эми эле башталып жаткандыктан колдонулбай эле турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«Мыйзамдар, чечимдер болуп калса, салабыз дагы ачкычын алабыз. Октябрь окуясында чоң байлык таба тургансып сейфти да ачышыптыр. Ачкычы кеңседе эле болчу. Эми туура эмес нерселер болду. Бул жакта керектүү эле документер болот. Бул сейф 2-3 коогалаңды башынан өткөргөн»,- деди ал.