Тазабек Икрамов өлкөдө сөз эркиндигине басым болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин бүгүн, 27-октябрдагы отурумунда ЖМКларга басым болуп жатканын айтты.

«Конституциянын 10-беренесинде так жазылып турат. «Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат» деп айтылат. Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу деген жигиттер өз оюн айтканга укуктуу. Ошондой эле ЖМК, журналисттерге басым болуп жатат. Бүгүнкү күнү сөз эркиндигине басым болуп жатат. Ой-пикирин айткан адамдар боюнча дагы туура чечимге келесиңер деген ойдомун», — деди ал.