Тазабек Икрамов: «Өлүм болуп жаткан жерде «мал сойбо» деп уруша алышпайт экен»

Өлүм болуп жаткан жерде «мал сойбо» деп уруша алышпайт экен. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Буга айып пул жазып бериш керек. Болбосо, жакында эле 2 айыл өкмөттү ушунун айынан берене менен жумуштан алыптыр. Бул туура эмес. Өлүм болуп жаткан жерде «мал сойбо» деп уруша алышпайт экен. Айып пул коюп бериш керек. Союш болгон жерлердин баарына эскертүү, сөгүш берип туруп, 2 айыл өкмөттү алып салды. Бул кандайдыр бир кызыкчылык. Ушуну карап бергиле, мыйзам баарына бирдей болуш керек. Өзүнө керектүү 2 айыл өкмөттү алышыптыр, ордуна бирөөнү коюш керек болуп жатабы? Башка айыл өкмөттөрдө деле союш болуп жатыптыр», — деди ал.