Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо министрин кызматтан кетүүгө үндөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетиши керек деп эсептейт.

Анын айтымында, элдик медицина менен далилдүү медицинаны эч убакта аралаштырбаш керек.

«Элдик медицина менен расмий медицинаны бир катарга коюп кароого болбойт. Мен министр отставкага кетиши керек деп эсептейм жана кетет деп үмүттөнөм», — деп билдирген депутат Vesti.kg сайтына.

Буга чейин Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети Бейшеналиевди кызматынан алуу сунушун өкмөткө жолдошкон. Ошондой эле бир катар жарандык активисттер, юристтер, медицина кызматкерлери Кыргызстан жарандарынын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратып жатканы үчүн кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан.