Тазабек Икрамов: «Тойго биз Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганбыз»

Райымбек Матраимов туура бир апта мурда УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка киргизилген. Матраимов кармалганда аны колдоп чыккандардын митингинде саясатчылардан бир гана эл өкүлү Таабалды Тиллаев болгон. Буга байланыштуу СуперТВ каналы «Кечээ эле Матраимовдордун тоюна жоон топ саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, чиновниктер барып жатышкан. Бүгүн Матраимовдордун тарапташтарынын катарында бул саясатчылар көрүнбөй эле. Бул көрүнүшкө кандай комментарий берет элеңиз? Алар Матраимовдон жүз буруп кетиштиби?» деп суроо салдык.

«Ар бир нерсе мыйзам чегинде болот. Тойго биз Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганбыз.  Ал эми бул иш Райымбек Матраимов жөнүндө болуп жатпайбы», -деди жогорку кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  SEREP MEDIA маалымат агенттигине.

Анын айтымында, тойго коллегасынын чакыруусу менен гана барган.

Сурамжылоону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.