«Тазалыкка» келген жаңы жетекчи кызматка расмий дайындалды

Бүгүн, 19-апрелде “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Алыбаев Султан Акимович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Калаа башчысынын дагы бир буйругу менен Жеке турак жай курулуш департаментинин директору болуп Ибраимов Койчугул Касмалиевич дайындалды.

15-апрелде «тазалыкчылар» нааразычылык акциясына чыгышып, ошол эле күнү Азат Сагыновдун ордуна Султан Алыбаев дайындалганы айтылган. 16-апрелде «тазалыкчылар» мэр менен жолугушуп, ишке чыгышкан.