“Текебаев Бельгияга элчи болот” деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кечээ, 23-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болуп бара тургандыгын жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып, жазып чыгышкан болчу.

Бирок бүгүн, 24-февралда Текебаевдин басма сөз катчысы мындай маалыматты четке какты. Анын  айтымында, саясатчыга мурдагы бийлик Бельгияга элчи болуу сунушун киргизишкен. Бирок ал сунуштан баш тарткан.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчилик кызматын 2019-жылдан бери Муктар Жумалиев аткарып келет.