Текебаев: «Бир кезде мага дагы баңги затын таштап коюшту эле»

«Бир кезде мага дагы баңги затын таштап коюшту эле». Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

Анын айтымында, сөз эркиндиги — бул кыргыз элинин жетишкендиги. «Бир кезде, 2006-жылы мага дагы баңги затын таштап коюшту эле. Бул «матрёшка-гейт» деп атыгып кеткен. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров ал кезде депутат эле жана бул окуяны жакшы билишет. Мен бүгүн мурдагылардын тырмоочун баспоого чакырам. Бул алар үчүн аягы жакшы менен бүткөн жок. Тарыхтын сабактарын эстен чыгарбоо керек», — дейт Текебаев.