Текебаев: «Биз бүгүнкү бийликке саясий альтернатива экенибизди жарыялайм»

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдин максаттарынын көпчүлүгү ишке ашпай калганын айтып, ал үчүн күрөш уланарын билдирди. Бул тууралуу саясатчы партиялаштары менен «Ала-Тоо» аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коюп жатып айтты.

«Мындан туура 11 жыл мурун он миңдеген кыргыз азаматтары, ошонун ичинде бүгүн бул жерде турган сиздердин көпчүлүгүңүздөр өзүм билем, зулум бийликке каршы көтөрүлүп чыккансыздар. Сиздер байлык менен мансап үчүн эмес, эркиндик менен намыс үчүн көтөрүлдүңүздөр. Элдин мүлкүн гана эмес, анын келечегин менчиктеп, атадан балага өткөрүп берүүгө аракет кылган үй-бүлөлүк режимди кулаттыңыздар.

Бирок бул жеңиш бизге кымбат турду. Жүзгө жакын эр-азаматтарыбыз окко учуп, миңден ашык адамдар жарадар болушту. Бүгүн биз аларды эскерип, алардын эрдигине баш ийип турабыз. Борбор калаабыздын так ортосу «Ала-Тоо», «Эркиндик» деп аталганы кокусунан эмес. Бул – бийиктик, тазалык, намыс, биздин элдин канында бар. Биз улуу максаттарыбыз үчүн өлүмдөн жалтанбаган элбиз.

2010-жылы жеке бийлик эмес, эл бийлиги болсун деп, адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн кызмат кылсын деп күрөшкөнбүз. Тилекке каршы, акыркы 10 жылда биз койгон максаттардын баарына жеткен жокпуз. Бирок намыс жана эркиндигибизди калыптандырганга чоң салым коштук. 2010-жылкы максаттарыбыз эскирген жок. Алар түбөлүк. Биз бүгүн курман болгондорду эскерип жатып, улуу максаттарыбыз үчүн күрөш улана берээрин баса айткым келет.

Биз, «Ата Мекен» партиясы бүгүнкү бийликке, анын жүргүзүп жаткан саясатына моралдык, саясий, идеологиялык альтернатива экенибизди жарыялайм.

Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Эркиндик, Намыс күнү менен куттуктайм! Жалпы элибизге бүгүнкү оор кырдаалда биримдик, кажыбас кайрат каалайм. Баштаган жолдон кайтпайлы!» — деди Текебаев.