Жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкелер кеңешинин биринчи отурумун жана 2022-жылдын июнь айында Бишкекте боло турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү сүйлөшүлдү. Ошону менен бирге, Кыргызстандын Германияга болгон тышкы карызын кыскартуу максатында, карыздын 14,9 миллион евро көлөмүндөгү каражатты герман тарапка кайрып бербестен, Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактардагы долбоорлоруна колдонуу маселеси герман тарап менен талкууланып жатканы баяндалды. Андан тышкары, Европа Бирикмесинин жалпы артыкчылык системасын (ВСП+) Кыргызстандын ишкерлери толук кандуу колдоно албай жатканын баса белгиленип, герман инвестицияларын Кыргызстанда тиешелүү лаборатория курууга тартуу маселеси элчи Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленди.
Ошол эле күнү элчи Өмүрбек Текебаев Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугуп, кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттырын талкуулап, келечекте бул жаатта биргелешкен иш алып баруу сүйлөшүлдү.