Текебаев: «Жапаров өкмөт башчынын креслосун бошотушу керек»

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришүү аземине чейин өкмөт башчылыктан кетүүгө милдеттүү”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 24.кг сайтына билдирди. Анын айтымында, азыркы Баш мыйзамга ылайык, президент премьер-министрдин функциясын бир мүнөткө, бир секундга да кошо аткара албайт. “Мындан улам, Жапаров өкмөт башчылыктан расмий түрдө отставкага кетиши керек. Андан ары 15 күндүн ичинде премьер-министрликке парламенттик көпчүлүк жаңы талапкер көрсөтүшү зарыл болот. Министрлер кабинетин жана өкмөт башчыны Жогорку Кеңеш бекитет”, — деди Текебаев.

Буга чейин БШК шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган соң, бир айдын ичинде жаңы шайланган мамлекет башчысынын президенттик кызматка киришүү аземи өтүшү керектигин билдирген. Бул маалыматка удаа эле өкмөттүн басма сөз кызматынан Жапаров инаугурациядан кийин расмий түрдө өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын өткөрөрү айтылган. “Азырынча биринчи вице-премьер Артем Новиков премьердин милдетин аткарууну улантат. Үгүт кампаниясы учурунда өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын токтотуп турган Садыр Жапаров бул кызматка кайтып келбейт”, — деди өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев.