Текебаев: «Жапаровго кайсы учурда ачык каршы чыгарымды 5 жолку көрүшүүдө 10 ирет айткам»

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына чоң маек жарыялады. Анда Садыр Жапаров менен болгон тирешүүсү жөнүндө да камтылган.

«Жапаров менен 5 жолу жолуктук. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз деп өтүнүштү. 

Мен аларды бир учурда колдой албай турганымды айттым. «Эгерде, бийликке кызыгып, жеке бийлигиңерди бекемдейм, авторитардык жетекчилердин системасын алып келебиз десеңер, башкача айтканда, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер мен ачык каршы чыгам” деп ар бир жолугушууда эки жолудан кайталап айттым.

Ошондуктан, менин Садыр Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындагандыгым, бул өз сөзүмдөн айнып кеткендигим эмес, тескерисинче өз сөзүмдө бекем тургандыгым. Мен деле аксакал болуп, жөн эле жашайын деген оюм бар эле. Бирок мени “аксакал болуп бер” деп иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч убакта “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын. Өмүр бою солдат болуп, өз постумду таштабайм» деп айтылат Текебаевдин маегинде.