Текебаев: “Жогору жактагыларды айтпагыла, булар мурдагылардан да сабатсыз”

“Референдум тууралуу” мыйзам долбоорунун кабыл алынышынан кийин бир канча депутаттар каршылыгын билдиришти.

“Тарыхта мындай болгон эмес. Парламенттин төрагасы Москвага барганда Мамдуманын жанында кыргыздар “Жогорку Кеңешти мыйзамсыз” деп пикетке чыгышты. Ойлонуп иш кылалы. Жогору жактагыларды айтпагыла, булар мурдагылардан да сабатсыз. Силерди аңга түртөт” деди депутат Өмүрбек Текебаев.

Эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиевдин айтымында, Москвадагы кыргыздар белгилүү бир адамдардын буюртмасы менен митингге чыгышкан. “2010-жылдагы Конституцияны жаман деп айта албайм, бирок жакшылыгын деле көргөн жокпуз” деди Кыдыралиев.

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, Баш мыйзам алмашканда элдин эмес, элитанын жашоосу алмашат, башкаруу өзгөрсө, байкуштар эмес, бай-манаптар күнүн көрөт.

Өкмөттүн өкүлү талашка түшкөн мыйзам долбоорунун концепциясын колдой турганын билдирди.